Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04

"Ала качуу салт" деп айткан депутаттын сөзү талкуу жаратты


Мейкинбек Абдалиев.
Мейкинбек Абдалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиевдин "кызды уурдоо ата-бабаларыбыздан бери келаткан үрп-адат экени" тууралуу айткан сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Бүгүн 19-октябрда Жогорку Кеңеште мал уурдаган кылмышкерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутат Дастан Бекешев кыз уурдоонун жазасына салыштырганда көбүрөөк жаза мөөнөтү сунушталып жатканын айтты. Ал малга караганда адам укугу, өмүрү жогору турарын белгиледи.

Бекешевдин мындай пикирине мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Мейкинбек Абдалиев жооп берип, салт жана үрп-адат тууралуу айтты:

“Сиз аял уурдоо деп айтып кеттиңиз. Капа болбоңуз, билсеңиз керек, биздин үрп-адат болчу. “Көпчүлүк биздин ата-бабаларыбыз, ошонун ичинде биз деле, алып качып келдик” деп айтылчу эле. Бирок ал биздин наркыбыз, салтыбыз болгон. Сиз аны менен салыштырбаңыз. Малды уурдап жатат, аялды уурдап алып барып бир жакка сатпайт да”.

Буга депутат Бекешев “Анын макулдугу болбосо, бул кылмыш. Каада-салтка туура келбейт”, - деп жооп берди.

Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыш болуп саналат. Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси "Никеге туруу максатында ала качуу" деп аталат. Анда "Никеге туруу үчүн адамды ала качуу 5-7 жылга, кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу 7-10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылып турат.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай Турдаалы кызы милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

2021-жылы Айзада Канатбекованы уурдап кетип, өлтүрүшкөн.

Бул окуялар милициянын дарегине сынды күчөтүп, жер-жерлерде "Ала качуу- салт эмес" деген акциялар өткөн.

Депутат Абдалиевдин бүгүнкү билдирүүсү социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкуу жаратууда.

Парламенттин бүгүнкү отурумунда “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Эгер ал кабыл алынса маал уурдап, 2,5 миллион сомдон ашуун зыян келтиргендер жана бирөөнүн малын уюшуп алып уурдагандар 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG