Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Сокулукта 13 жылдан бери бүтпөй турган мектептин маселеси парламентте көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушу 13 жылдан бери бүтпөй турганын айтып чыкты. Депутат бул тууралуу 20-октябрда парламенттеги Альянс”, “Ынтымак”, “Бүтүн Кыргызстан” , “Ыйман Нуру” фракцияларынын жыйынында көтөрүп, Министрлер кабинетине суроо салды.

“Бул мектептин курулуш үчүн 176 млн. сом салганбыз. 13 жылдан бери курулушу бүтпөй турат. 80% бүткөн мектептин дубалдары урап түшүп жатат. Кыйкырган кишинин эле имаратын салып, башканыкын карабайсынарбы?”, - деди Кенжебаев.

Ал ички миграциянын айынан өлкө боюнча эң көп окуучусу бар район Сокулук экенин, бир мектепте 5100 бала окуп жатканын айтып, өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов бул мектептин курулушу боюнча сот иштери жүрүп жатканын, бул маселе чечилгенден кийин эле курулуш уланарын түшүндүрдү. Ал учурда Чүй облусунда 12 мектептин курулушу жүрүп жатканын, Сокулук районунда эки мектептин курулушу бүткөнүн айтты.

Быйыл февралда авариялык абалдагы билим берүү жайларынын жаңы тизмесине 301 мектеп киргенин Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директору Гүлмира Жумабекова парламент жыйынында билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда 100 жаңы мектептин курулушу аяктап, колдонууга берилерин айткан. Ал 2023-жылы өлкө боюнча 204 мектептин курулушу башталганын кабарлаган.

Өлкөдө 2350 мектепте (анын 103ү Бишкекте) 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG