Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Орусиянын армиясы Харьков облусун аткылады


Орусиянын армиясынын Харьковго жасалган аба соккусунун кесепети. 6-октябрь, 2023-жыл.
Орусиянын армиясынын Харьковго жасалган аба соккусунун кесепети. 6-октябрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы 20-октябрдын таңында Украинанын чыгышындагы Харьков облусуна караштуу Купянск-Вузловой айылына жана Волчанск шаарына абадан чабуул койду. Эки карапайым тургун жаракат алып, жарандык инфратүзүмдөргө залака келтирилгенин облус губернатору Олег Синегубов социалдык тармактарга жазды.

Ал белгилегендей, орус күчтөрү калктуу конуштарды артиллерия, миномет, ракета жана башка куралдын түрлөрү менен аткылаган.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 20-октябрдын таңында билдиргендей, орус армиясы эки күндүк тыныгуудан кийин Авдеевканын тегерегиндеги чабуулдарын кайрадан күчөттү.

"Авдеевка багытында душман чабуулдук аракеттерин жандандырып, Авдеевканы курчоого жол бербей жатат. Аскерлербиз коргонуп, душманды чоң жоготууларга учуратууда."-деп жазылат билдирүүдө.

19-октябрда Авдеевка жана Купянск аймактарына Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный барып кеткени кабарланган.

.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG