Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Астана Орусияга айрым товарларды экспорттоого тыюу салынганы тууралуу маалыматты төгүндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Соода министрлиги Орусияга товардын 106 түрүн экспорттоого тыюу салынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Казакстан менен Орусиянын ортосундагы соода алакалар “Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишимге ылайык жүргүзүлөт”.

"Орусияга каршы санкцияларга байланыштуу Москвага кандайдыр бир товарларды экспорттоого эч кандай чектөө киргизилген эмес. Ал эми экспорттук көзөмөлгө туш болгон кош максаттагы товарларды сатуу Казакстандын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында жүргүзүлөт. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, мындай товарларды экспортоо, импорттоо жана транзит аркылуу алып өтүүдө тийиштүү лицензия алынышы керек", - деп белгиленген министрликтин маалыматында.

Буга чейин соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаев "өлкө чектөө салынган, согушка тиешеси бар 106 түрдөн тышкары бардык товарларды экспорттоорун" айткан.

"Азаттык" буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык жана казакстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Май айында орусиялык "Важные истории" басылмасы, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) жана германиялык Der Spiegel жүргүзгөн иликтөөдө Орусия санкцияларды буйтап, казакстандык компаниялардан Украинадагы согуш үчүн чиптер менен дрондорду сатып алып жатканы айтылган.

Казак тышкы иштер министрлиги менчик компаниялар тыюу салынган товарлардын реэкспорту менен алектениши мүмкүн экенин, бийлик андайга жол бербөөгө аракеттенгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG