Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

Иликтөөчү журналистти сүзүп кеткен айдоочу кармалды


Шектүү айдоочу. Сүрөт ЖКККББ басма сөз кызматына таандык.
Шектүү айдоочу. Сүрөт ЖКККББ басма сөз кызматына таандык.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бүгүн, 20-октябрда берген маалыматына караганда, иликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиевди автоунаасы менен сүзүп кеткен деп шектелген айдоочу атайын жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кармалды.

ЖКККББнын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери аны Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүп беришти.

17-октябрда болжол менен саат 17:30 чамасында "Арча Медиа" (Next TV) басылмасынын жана "Соболум бар" долбоорунун автору, журналист Сайпидин Султаналиев мотоскутер менен Садырбаев көчөсүндө бара жаткан учурда, капталынан белгисиз айдоочу авто унаасы менен коюп, окуя болгон жерден кетип калган.

Жабыркаган журналист ооруканага жаткырылган.

"Арча Медианын" редакциясы тергөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча бул окуяны ашыгып сыпаттоо жана саясий мүнөздөмө берүү мүмкүн эместигин билдирүүдө. Ошол эле учурда редакция журналист Сайпидин Султаналиев быйыл он чакты курч материалдарды эфирге чыгарганын жана азыркы учурда да чоң иликтөөнүн үстүнө иштеп жатканын белгиледи.

Редакция укук коргоо органдарын ишти бейтарап жана калыс иликтөөгө, журналистти коюп кеткен айдоочуну таап, жоопкерчиликке тартууга чакырган.

Next TV телеканалы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековго таандык. Саясатчы былтыр Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалып, камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG