Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Кыргызстан Израилдеги жана Ливандагы жарандарын чыгып кетүүгө чакырды


Кыргызстан Израилдеги жана Ливандагы жарандарын бул өлкөлөрдүн аймагынан чыгып кетүүгө чакырды. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 20-октябрда жарыяланган маалыматында бул «өтө зарылдык» экени айтылды.

Анда Жакынкы Чыгыштагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалга жана конфликттин курчушуна байланыштуу Ливандан чыгып кетүү жана бул аймакка барбай коё туруу керек экени, Израилдеги кыргызстандыктар да өлкөдөн авиакаттам менен чыгып кетиши зарылдыгы белгиленди.

Аймакта кырдаал курчуган алгачкы күндөрү Кыргызстан Израилдеги өз жарандарынын санын тактап жатканы, 90дой адам катталганы жана аларды алып чыгуу аракети көрүлүп жатканы маалымдалган.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 миң 400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келатат. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3 миң 785 палестиналык каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин кабарлады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG