Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:14

Израил: ХАМАСтын чабуулунда набыт болгон 1075 кишинин сөөгү аныкталды


7-октябрдагы ХАМАСтын кандуу чабуулунда набыт болгондор менен коштошуу
7-октябрдагы ХАМАСтын кандуу чабуулунда набыт болгондор менен коштошуу

Израилдин полициясы менен ЦАХАЛ жекшембиде билдиргендей, эки апта мурун ХАМАСтын чабуулдарында набыт болгон 1075 кишинин сөөгүнүн тек-жайы аныкталды. Алардын 769у карапайым жаран болсо, 307си аскерлер. Дагы 200 сөөктүн тек-жайы аныктала элек.

ЦАХАЛдын өкүлү ХАМАСтын согушкерлери 212 кишини барымтада кармап турганын билдирди. Бул санга жума күнү согушкерлер туткундан бошоткон эки америкалык жаран - Жудит Раанан менен анын кызы Натали кирбейт.

Ишембинин кечинде ХАМАС дагы эки кишини барымтадан бошотолу деген сунушун Израил четке какканын билдирди. Радикал топ бул үчүн кандай шарт койгону белгисиз.

ХАМАСтын кол салуусунан жабыркаган 299 киши Израилдин ооруканаларында жатат. Алардын ичинен 47 бейтаптын абалы оор. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 7-октябрдагы чабуулдардан жана андан кийин башталган согушта 5132 киши жараат алып, ооруканага түшкөнүн билдирди.

ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Даниэл Хагари ишембидеги жыйында Израил аймакта аба соккуларын "көбөйтөрүн" айтты.

Жөөт армиясынын жердеги операциясы качан башталары так белгисиз. Буга чейин ХАМАСтын барымтасындагы туткундарды бошотуу үчүн АКШнын өтүнүчү менен операция кечеңдегени айтылган.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, бир топ кишини барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматында согуш башталганы 4 миңден ашуун киши набыт болуп, жараат алгандар 15 миңдей экени маалымдалды.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG