Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Параспортчулар Хусан кызы алтын, Абдувалиев күмүш медалга ээ болду


Хайитхон Хусан кызы.
Хайитхон Хусан кызы.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азиянын паралимпиада оюндарында Хайитхон Хусан кызы парадзюдодон алтын медаль утту. Бул Кыргызстандын тарыхында Азиянын паралимпиада оюндарындагы алгачкы алтын байгеси болуп калды.

Спортчу 48 кг чейинки салмакта мелдешке чыгып, эки ирет күрөштү. Алгач жарым финалда индонезиялык Новиа Ларассаттини утуп чыкты. Финалда жапониялык Хангаи Шизуканы 1 мүнөт 25 секунд ичине жеңип, 1-орунду ээледи.
Жалалидин Абдувалиев (солдон үчүнчү) сыйлоо аземинен кийин. 23-октябрь, 2023-жыл. Ханчжоу шаары
Жалалидин Абдувалиев (солдон үчүнчү) сыйлоо аземинен кийин. 23-октябрь, 2023-жыл. Ханчжоу шаары
Ал эми жеңил параатлетикадан спортчу Жалалидин Абдувалиев күмүш медалга ээ болду.
Спортчу 5000 метр аралыкка жарышка чыгып, аны 17 мүнөт 18 секундда чуркап өтүп, экинчи орунду ээлеген.
Азиянын паралимпиада оюндары 20-октябрда башталган. Ага 45 мамлекеттен келген 3026 спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн күч сынашууда.
Кыргызстандан спорттун жети түрүнөн: жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдодон 27 спортчу катышып жатат. Оюндар 30-октябрда жыйынтыкталат.(GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG