Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Президент Жапаров Раззаковдун кызына кыргыз жарандыгын берди


Элмира Раззакова.
Элмира Раззакова.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковага Кыргызстандын паспорту менен Бишкек шаарынан сатып алынган батирди тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Жапаров кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө Раззаковдун ролу чоң болгонун белгиледи.

“Анын “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген накыл кеби жөн эле айтылып калбастан, ар бир адамдын, айрыкча өлкө жетекчилеринин жүрөгүнөн түнөк таап, таза иштөөгө жетелеп, келечекке жол, багыт болуп келет. Бул Исхак Раззаковдун баскан жолу жана ишмердиги кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калгандыгынын далили”, - деди Жапаров.

Москвада жашап келаткан Элмира Раззакова ага кыргыз жарандыгын алууну президент Садыр Жапаров сунуштаганын жана анын өтүнүчүн жерде калтыра албаганын айткан.

Жолугушууда Жапаров ага паспорт менен кошо белек катары алынган батирдин документин тапшырды.

Белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл Министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп, Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG