Бишкекте чет өлкөлүк студенттер тартип бузган же алардын өзүлөрүнө каршы мыйзамсыз иш-аракет жасалган окуялар көп катталып жатканын 24-октябрда шаардык милиция билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Медицина академиясынын жыйындар залында алар үчүн милиция кызматкерлери менен жолугушуу уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушууга окуу жайдын администрациясы жана 600дөн ашуун чет өлкөлүк студент катышканы, аларга мыйзам талаптары, тартип бузуунун кесепеттери тууралуу маалымат берилди.
Соңку окуялардын бири, шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 17-октябрда Свердлов районунда катталды – чет өлкөлүк алты студент “майда ээнбаштык” беренеси менен жоопко тартылып, үч күнгө камакка алынды, алардын экөөнө 5,5 миң сом айыппул салынды.
Медицина академиясында окуган чет өлкөлүк студенттердин көбү Индиядан келген жаштар.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алууда – бул өлкөдөгү бардык студенттердин 35%.
Чет элдик студенттердин 61% индиялыктар, 32% пакистандыктар. (RK)