Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Ошто кыйноо иши боюнча облустук сотко арыз берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто милициянын кыйноосуна кабылган кишинин иши боюнча облустук сотко арыз берилгенин «Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан “Азаттыкка” 24-октябрда билдиришти. Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургундун мээси чайкалганы, баш сөөгү жабыркаганы тууралуу далилдерге карабастан шаардык сот адвокаттын өтүнүчүн “мөөнөт өтүп кетти” деген негизде канааттандыруудан баш тарткан.

Укук коргоо уюму билдиргендей, окуя 2021-жылдын май айында болгон. Милициянын ур-токмогуна кабылган киши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылганда иш “Кыйноо” эмес, “Бийликтен аша чабуу” беренесинин негизинде козголгон. Жарым жылдан кийин УКМК ишти тергөөнү токтоткон.

«Бир дүйнө Кыргызстан» Ош шаардык сотуна прокуратуранын тергөөчүсүнүн сотко чейинки териштирүүнү токтотуу тууралуу токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Быйыл 13-октябрда шаардык сот бул өтүнүчтү колдобой турган чечим чыгарган. Жактоочу тарап сот мөөнөт создуккан себептерге тийиштүү көңүл бурган жок деген пикирде болууда.

Милиция мекемеси бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун маалыматына караганда, соңку бир жылда жабык жайда кыйноого кабылганын айткандардын арызы боюнча көз каранды эмес териштирүү жүргүзүү тууралуу өтүнүчтөрдүн 84% каралбай калган. Ошону менен катар, борбор билдиргендей, соңку беш жылда кыйноого кабылганын айтып кайрылгандар 1,5 эсе азайды – 2018-жылы бул көрсөткүч 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6% болгон.

Кыргызстанда кыйноого кабылгандардын көбү милициядан запкы жегенин айтса, калганы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн колунан азап чеккенин билдирген. Укук коргоочулар балдар үйлөрү менен интернаттарда, карылар үйлөрүндө жана психиатриялык стационарларда да кыйноо фактылары бардыгын белгилешет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG