Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу кызматтан алынды


Ли Шанфу Сингапурдагы саммитте. 4-июнь 2023-жыл
Ли Шанфу Сингапурдагы саммитте. 4-июнь 2023-жыл

Кытайдын коргоо министри, генерал Ли Шанфу кызматынан алынып, Мамлекеттик кеңештин катарынан чыгарылды. Кытайлык маалымат каражаттары шейшембиде кабарлагандай, андай чечимди Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык курултайдын комитети кабыл алды. Министрди кызматтан алуунун себеби айтылган жок. Анын ордуна ким келери да белгисиз.

Ли Шанфу августтун аягынан бери элдин алдына чыкпай калган. Ага чейин Орусия жана Беларуска барып кеткен. Батыштагы медиа анын кызматтан четтетилгенин, паракорлукка байланыштуу тергөө жүрүп жатканын жазып келишкени менен расмий Бээжин аны бышыктап же четке каккан эмес.

South China Morning Post басылмасы Ли Шанфу ушундай жагдайда иштен алынган экинчи өкмөт мүчөсү экенин белгилейт. Буга чейин Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Цин Ган июлда кызматтан алынарга чейин көпкө эл алдына чыкпай калган. Бир айдан кийин гана анын отставкасы расмий тастыкталган.

Министрлердин алмашуусу Кытайдын коргоо жана тышкы саясатындагы өзгөрүүлөрдү каңкуулайбы же жокпу белгисиз. Бийлик азыр Кытай лидери Си Цзинпиндин колуна топтолгон.

Ли Шанфу АКШнын санкциялык тизмесинде болчу.

Financial Times сентябрдагы макаласында баяндагандай, 2018-жылы Трамптын администрациясы Орусиядан курал-жарак сатып алууга байланыштуу Ли Шанфуну «кара тизмеге» киргизген. Ошол маалда ал Кытайдын Коргоо министрлигинде курал-жарак чыгаруу жана сатып алуу башкармалыгын жетектечү. Бул жагдай АКШ жана Кытайдын коргоо министрлеринин жолугушуусуна бут тосуп келатат.

XS
SM
MD
LG