Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

ДССУ Газанын ооруканаларына жардам жеткирүү үчүн ок атпоого чакырды


Газа шаарындагы Шифа ооруканасы. 23-октябрь, 2023-жыл
Газа шаарындагы Шифа ооруканасы. 23-октябрь, 2023-жыл

Израил менен ХАМАС радикал тобунун 18 күндөн бери уланып келаткан согушу эки тараптан 7 миң 200дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу шейшембиде "Рейтерс" агенттиги маалымдады. Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде 5 миң 886 палестиналык каза тапканын Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маркумдардын 5 миң 791и Газанын, калган 95и батыш жээктин тургундары. Анклавда 16 миң 297 киши жарадар болду.

Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-октябрда жаңжалда 1 миң 400 израилдик набыт болгонун кабарлаган.

Газаны көзөмөлдөгөн палестиналык согушкер уюм 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы жооп иретинде тилкени блокадага алып, ХАМАСка каршы согуш жарыялаган. Таза суу, электр энергиясы, азык-түлүк, дары-дармек тартыш болуп жаткан Газаны гуманитардык апаат коркунучу тооруду.

Израилдин армиясы ХАМАСты толугу менен зыянсыздандырууну максат кыларын, тилкени бомбалоо уланарын эскертти.

24-октябрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарадарларга толуп калган Газадагы ооруканаларды медициналык каражаттар жана суюк отун менен камсыздоого шарт түзүү үчүн ок атышууну токтотууга чакырды. Бир күн мурда уюм анклавдын түштүгүндөгү төрт ооруканага жана Палестинанын Кызыл чырым уюмуна зарыл болгон медициналык буюмдар, каражаттар, дары-дармек жеткирилгенин билдирген. Бирок медицина кызматкерлери Газанын дарыгерлери өтө көп нерселерге муктаж экенин айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG