Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Арменияда кызылча илдетинен бир бала чарчап калды


Кызылча илдетине каршы вакцина. Иллюстрациялык сүрөт.
Кызылча илдетине каршы вакцина. Иллюстрациялык сүрөт.

Арменияда кызылча оорусунан бир жаш сегиз айлык бала чарчап калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрда билдирди. Маалыматка караганда, кызылчадан эмделбеген бала ооруканага оор абалда түшкөн. Ал башка илдеттерден да жабыркаган.

Арменияда соңку айда кызылча менен ооруган балдардын саны өсүүдө. 25-октябрга карай 471 кишиден аныкталган. Алардын 328и балдар. Төрт киши ооруканада.

Кызылчага чалдыккандардын 93% эмделбеген же вакцинанын дозасын толук албагандар экени аныкталды.

Учурда бул илдет Кыргызстанда жана Казакстанда дагы жайылып жатат. 16-октябрга карай Кыргызстанда кызылча жуккан 2842 бейтап катталды. Ал эми Казакстанда февраль айынан бери он миңдей бейтап катталган. Айрым аймактарда азыр инфекциялык ооруканаларда орун тартыш.

Кызылча - аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG