Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Орус армиясы Украинадагы АЭСтин аймагына сокку урду


Хмельницкий АЭСине жакын жайгашкан Нетишин шаарына жасалган орус армиясынын чабуулунун кесепети. 25-октябрь, 2023-жыл.
Хмельницкий АЭСине жакын жайгашкан Нетишин шаарына жасалган орус армиясынын чабуулунун кесепети. 25-октябрь, 2023-жыл.

Орусия армиясынын Украинанын аймактарына жасаган соңку аба чабуулунан карапайым тургундун өмүрү кыйылды, 20дан көп киши жабыркады. Бул тууралуу Украинанын расмий бийлиги 25-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, шаршемби күнү таң эрте Хмельницкий облусуна жасалган аба соккулардын бири атомдук электр станциясына жакын жерге тийген.

“Түнкүсүн душман Хмельницкий атомдук электр станциясынын аймагына сокку урду. Жарылуунун натыйжасында административдик жана лаборатория имараттарынын терезелери күбүлүп түштү”, - деп билдирди Энергетика министрлиги Телеграм аркылуу.

Андан тышкары түнкү чабуулдардан электр зымдары жабыркап, Нетишин жана Славута шаарларындагы 1800дөй киши электр жарыксыз калды. Бул эки калаа тең Хмельницкий АЭСине жакын жайгашкан.

Ал эми Херсон облусунда орус армиясынын ракетасы бир карапайым тургундун өмүрүн алды. Бул тууралуу аймактын башчысы Александр Прокудин Телеграмга жазды. Ал орус армиясы соңку бир сутка ичинде Херсонго 35 жолу абадан сокку урганын кошумчалады.

Херсон облусунун орус армиясынан бошотулган бөлүгү, анын ичинен Херсон шаары бир нече айдан бери Днепр дарыясынын сол жээгинде жайгашкан орус күчтөрүнүн тынымсыз аткылоосуна дуушар болуп келет.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG