Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Орусия ИИМи маңзаттан улам кармалган мигранттар көп экенин билдирди


Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев.
Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев.

Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев "мигранттардын айрым кылмыштары мыкаачылыгы менен айырмаланарын" билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүктөр “опузалап акча талап кылуу, адам уурдоо, анын ичинде өз мекендештерин уурдоо” менен алектенип, анын баарын Интернетке жайгаштырат.

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынында 25-октябрда сүйлөгөн Колокольцевдин эсебинде, маңзатка байланыштуу "ар бир төртүнчү кылмышты мигранттар жасайт". Эки жыл мурда бул көрсөткүч "эки эсе төмөн болчу".

Министр ошондой эле жүздөгөн мигранттар Орусияга жеке маалыматтарын өзгөртүп кирүүнүн аракетин көрө турганын кошумчалады.

Былтыр Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Баcтрыкин мигранттар барган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 11 миңден дээрлик 15 миңге жеткенин, анын ичинде адам өлтүрүү 18% өскөнүн кошумчалаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусияда мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. Бүгүнкү күндө орус абактарында 1311 кыргызстандык жазасын өтөп жатса, алардын 671и баңгизат үчүн соттолгон.

Орусияда курьер болуп иштеп жүрүп маңзат менен кармалып калган кыргызстандык мигранттар соңку жылдары көбөйгөнү, бир үй-бүлөдөн бир нече адам кесилип кеткен учурлар бар экени буга чейин парламентте айтылган. Маңзат менен абакка кесилип, кийин “Вагнерге” азгырылып, Украинадагы согушта ажал тапкандар да болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG