Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Жалал-Абад шаарына 50 автобус берилди


Жалал-Абад шаарынын күнүндө 50 автобусту тапшыруу учуру.
Жалал-Абад шаарынын күнүндө 50 автобусту тапшыруу учуру.

26-октябрда Жалал-Абад шаарынын күнү белгиленип, шаардын Аюб-Тоо аймагында 50 метрдик флагштоктун ачылышы өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Президент Жапаров Жалал-Абад шаары бир учурда Фергана өрөөнүндө экономикалык жана социалдык, маданий жагынан таасирдүү аймак болгонун белгиледи. Ал учурда жети облустун ири шаарларын өнүктүрүп, жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери жүрүп жатканын айтты.

“Буга чейинки сапарымда Жалал-Абад шаарын көрүнүктүү экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилгенин айткан элем. Анын алкагында 2 млрд сом акча каражатын бөлүнгөндүгүнөн да кабарыңыздар бар. Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, мындай чоң суммадагы каражат бөлүү менен шаарыңыздарда бир топ өзгөрүүлөр, бир нече жаңы курулуштар жүрүп жатат. Шаардын ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өтүп, элибизге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына баарыбыз күбөбүз”, - деди президент.

Шаар күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын алкагында президент Жалал-Абад шаары үчүн газ менен жүргөн 50 автобусту жана облустук соттун, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн атайын техникаларды тапшырды.

Шаар күнүнө арналган иш-чаранын уландысы Курманбек баатыр стадионунда майрамдык концерт менен уланууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда Жалал-Абад шаарында 130 миң тургун жашайт. (TB)

XS
SM
MD
LG