Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Орусияда кармалган “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналистине расмий айып тагылды


Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашева.
Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашева.

Орусиянын Тергөө комитети Татарстанда кармалган “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашевага 26-октябрда “чет элдик агент катары катталуу милдетин аткарган эмес” деген айып такты. Буга чейин сот Курмашеваны тергөөчүлөрдүн өтүнүчү менен 5-декабрга чейин камоо чечимин чыгарган.

Тергөөчүлөр журналист өзү чет элдик агенттердин тизмесине кошуу үчүн документ тапшырышы керек эле деп эсептешет. Бул Орусияда журналистке бул берене менен козголгон алгачкы кылмыш иши. Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.

Радионун татар-башкыр кызматынын редактору, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.

Ошондон бери ал Орусиядан чыга албай келген. Бийлик 11-октябрда журналистке америкалык паспортун каттоодон өткөрбөгөнү үчүн 10 миң рубль айып пул салганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

20-октябрда сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 72 саатка узарткан.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Журналистти токтоосуз бошотууга чакырган билдирүүлөрдү БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.

Алсу Курмашева көп жылдан бери Орусиянын Волго-Уральск аймагындагы этностук азчылыктардын маселелерин чагылдырып, татар тилин сактап калуу боюнча берүүлөрдү даярдап келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG