Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Грузияда жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоо маселеси талкууланды


Тбилиси шаардык соту. Иллюстрациялык сүрөт.
Тбилиси шаардык соту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев 25-октябрда Тбилиси шаарында Грузияда жазасын өтөп жаткан кыргызстандык жарандарды экстрадициялоо маселесин көтөрдү.

Элчи бул тууралуу Грузиянын Башкы прокуратурасынын эл аралык байланыштар жана укуктук маселелер департаментинин башчысы Ираклий Чилингарашвили менен жолугушуу учурунда айтты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы укуктук жардам боюнча кызматташуу маселеси талкууланды. Анын негизинде Грузияда жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын экстрадициялоо жана ушул тапта кылмышка шек саналган кыргызстандыктардын иши тууралуу сөз болду.

Кайрат Осмоналиев ошол эле күнү Грузиянын Юстиция министрлигинин эл аралык байланыштар жана укуктук кызматташуу департаментинин директору Кетеван Сараджишвили менен да жолугушту. Элчи аны менен сүйлөшүү учурунда да Грузияда эркинен ажыратылган кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоо маселесин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Грузиянын абактарында үч кыргызстандык жазасын өтөп жатат.

Грузиянын өзүндө 50гө жакын Кыргыз Республикасынын жараны консулдук каттоодо турат.

ТИМдин буга чейинки маалыматына ылайык, учурда 700дөн ашуун кыргызстандыктар чет мамлекеттерде миграцияда. Анын басымдуу бөлүгү - 400 миңден ашууну Орусияда. АКШда 60 миңдей, калгандары Европа өлкөлөрүндө жана мурдагы союздук өлкөлөрдө экени кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG