Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Ош шаардык милициянын издөөдө жүргөн кызматкерлери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бир айдан бери издөөдө жүргөн, "опузалап акча талап кылууга" айыпталган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалганын билдирди. Ага ылайык милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И. жана милициянын капитаны Э.С.Э. тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин УКМК Ош шаардык милицясынын төрт ыкчам кызматкери Ош облусунун тургунун зордуктоого айыптап, кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, 400 миң сом талап кылганын билдирген. 25-сентябрда бул акчанын алгачкы 100 миң сому берилип жаткан учурда ортомчу киши кармалган, ал аркылуу милициянын майору Ж.у.Н. кармалган жана анын калган шерик-кесиптештерине издөө жарыяланган.

Ички иштер министрлиги бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG