Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:35

Кыргыз-казак чек арасында жаңы өткөрмө бекет ачылды


Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жаңы "Чаар-Кудук" көзөмөл-өткөрмө бекети ачылды.

Түп районуна караштуу Каркыра жайлоосунда жайгашкан чек ара бекетинин ачылышына президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда катышты. Мамлекет башчы чек арачыларды кызматтык тартипти жана аскердик этиканы сактоого, жүктөлгөн милдеттерин так аткарууга үндөдү.

"Чаар-Кудук" чек ара бекети. Кыргыз-казак чек арасы. 29-октябрь, 2023-жыл
"Чаар-Кудук" чек ара бекети. Кыргыз-казак чек арасы. 29-октябрь, 2023-жыл


Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өткөрмө бекеттин курулушу сентябрда башталган. Чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл шарттар менен жабдылган.

"Каркыра" чек ара кызматына тиешелүү жаңы аскер бөлүктүн жоокерлери деңиз деңгээлинен 2280 метр бийиктикте жайгашкан чек аранын алыскы жана татаал тилкелерин кайтарат. Мындан тышкары чет элдик жана ички туристтерди көзөмөлдөшөт.

Үч-Суу, Кичи-Чоң-Жыңалач жана Турук жайлоолоруна кире бериште чек ара режимин тескейт.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында мындан тышкары дагы сегиз: төрт эл аралык жана төрт эки тараптуу өткөрмө пункту бар. Эл аралык өткөрмө бекеттерге “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө пункттары, эки тараптууга “Кең-Булуң”, “Токмок”, “Кайыңды” жана “Каркыра” чек ара пункттары кирет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG