Президент Садыр Жапаров 28-октябрда өзү туулуп-өскөн Кең-Суу айылында жаңы курулган мечиттин ачылышына катышты.
Президенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 1500 орундуу жаңы мечитке президенттин атасы Мусталый уулу Нургожонун ысымы ыйгарылган. Ал «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фондунун каражаттарынын эсебинен курулган.
Садыр Жапаров жаңы мечит коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө себепкер болот деген ишенимин билдирип, жаштарды руханий адептүүлүккө, ислам дининин чыныгы баалуулуктарына умтулууга чакырды.
Мечиттин ачылышына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргызстан дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү жана жергиликтүү бийликтин, кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүнөн турган жоон топ барды.
Жаңы имарат эски мечиттин ордуна курулганы маалымдалды. Ага канча каражат кеткени айтылган жок.
Кең-Суу Түп районундагы Сан-Таш айыл аймагына карайт. Айылда 390 түтүн бар, жалпысынан 2372 киши жашайт.
Быйыл июлда Кең-Суу айылындагы орто мектептин имаратын капиталдык оңдоого 45 млн сом бөлүнүп, тендер жарыяланган. (AKa)