Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Кызыл-Кыяда бир адамды атып кеткен киши шериги менен Тажикстандан кармалды


Кызыл-Кыядада киши өлтүрүүгө шектелген жаран жана анын шериги. Баткен облустук милициясы тараткан сүрөт.
Кызыл-Кыядада киши өлтүрүүгө шектелген жаран жана анын шериги. Баткен облустук милициясы тараткан сүрөт.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында дүкөндө ок атып, киши өлүмүнө алып келген кылмыштан соң изин жашырып кеткен жаран Тажикстандан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Окуя 25-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде болгон. Анда 27 жаштагы И.У. ок атуучу курал менен 32 жаштагы шеригин атып салган. Октон жараат алган жаран Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгерлик - практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 32 жаштагы Л.Ш. менен Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну 27 жаштагы И.У. экөө өз ара пикир келишпестиктен улам, чатакташып кеткени аныкталган. И.У. өзү менен алып жүргөн белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен Л.Шнын ичине атып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги такталган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо чаралары алып барылып жаткан.

Бул арада шектүү башка шериктери менен Ош шаарынын тургунун коркутуп, Кызыл-Кыя шаарына алып келип, автоунаасын жана жанындагы акчалараны тартып алганы такталды. Аны менен бул кылмышка аралашкан алты жаран (Т.М., Б.М., Э.М., А.И., А.А., Э.И.) Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

7-августта Бишкекте түнкү клубдардын бириндеги ок атышууга катышкан беш адамды милиция кармаган. Андан бир күн мурда Ош шаарында денесинин беш жерине ок тийген адам ооруканага түшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG