Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Израил Газаны абадан бомбалап, артиллериядан аткылоону улантты


Израилдик аскер Газа тилкесинде. 30-октябрь 2023-жыл
Израилдик аскер Газа тилкесинде. 30-октябрь 2023-жыл

Израил Газа тилкесин абадан бомбалап, артиллериядан аткылоону улантты. Жөөт армиясы – ЦАХАЛ акыркы бир нече күндө согушкерлердин буталарына 600дөн ашуун сокку урганын билдирди. Тилкедеги дарыгерлер дүйшөмбүгө караган түнү бери дегенде 20 киши каза таап, ондогону жараат алганын маалымдады. Аскерлер танктардын коштоосунда анклавга киргени, эл аралык коомчулук карапайым элди коргоого чакырууда. Газада күйүүчү май, тамак-аш, таза суу тартыш болуп, гуманитардык кырдаал оорлошуп баратат.

Жекшембиде Газага 33 оор машина менен азык-түлүк, суу, дары-дармек ташып барды. БУУнун маалыматына ылайык, 21-октябрдан бери Рафах чек ара пунктунан секторго 117 фура өттү. Эл аралык уюм бул абдан аз деп эсептейт.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт бийлиги Газаны блокадага алган. Ага чейин тилкеге күнүнө 500дөй машина гуманитардык жардам жана коммерциялык жүк тартып барчу.

Эки миллиондон ашуун киши жашаган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жекшембиде билдиргендей, жаңжал башталгандан бери набыт болгондордун саны 8 миңден ашты, арасында 3 миң 324 жашы жетелек бала бар.

Израил жоочулар 1 миң 400 кишини өлтүрүп, 239 кишини барымтага алышканын кабарлаган.

Израилдин бийлиги жума күнү ХАМАСка каршы операцияны кеңейтүү тууралуу жарыялаган. Ошол эле маалда анын масштабы дагы эле белгисиз. Азырынча израилдиктер радикал уюм көзөмөлдөгөн кайсы бир аймакты ээлегени тууралуу маалымат чыга элек. Бирок видеолор жөөт аскерлери Газанын түндүк тарабына киргенин көрсөтүүдө. Алар дагы бир ирет Газанын түндүгүндөгү тургундарды түштүккө чыгып кетүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG