Орусиянын куралдуу агрессиясынан Украинада 510 жашы жетелек бала набыт болду, 1141и жараат алды. Мындай маалыматты 30-октябрда Украинанын Башкы прокуратурасы таратты. Прокуратура «1651ден көп жеткинчек жабыркаганын» билдирип, бул сан толук эместигин, куралдуу кармаштар жүрүп жаткан, убактылуу оккупацияланган жана бошотулган аймактардан статистиканы тактоо уланып жатканын кошумчалады.
Маалыматка караганда, эң көп бала Донецк облусунда жабыркады.
Прокуратура соңку окуяларды мисал келтирип, 29-октябрда Запорожьенин Орехов районунда орус аскерлеринин аткылоосунан 16 жаштагы өспүрүм жарадар болгонун, 27-октябрда Днепропетровск облусунда 5 жашар бала жабыркаганын билдирди.
Августта БУУнун баш катчысынын орун басары Розмари Дикарло Украинада согуш башталгандан бери кеминде 9444 карапайым киши, арасында 545 тестиер каза тапканын маалымдаган. Дипломат кеп аныкталган гана учурлар тууралуу жүргөнүн белгилеген.
Эл аралык уюмдардын, журналисттердин көптөгөн далилдерине, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө карабай, Москва жайкын тургундарды бутага алганын танып келатат.