Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Украин армиясы аннексияланган Крымдагы аскердик жайларга сокку урду


Аннексияланган Крымдын картасы. Украина. Иллюстрациялык сүрөт
Аннексияланган Крымдын картасы. Украина. Иллюстрациялык сүрөт

Украин армиясы дүйшөмбүгө караган түндөн бери аннексияланган Крымдагы буталарга сокку урду. Мындай маалыматты күбөлөр, украин армиясы жана орус бийлиги таратууда. Кабарларга караганда, жарым аралдын батышында аскердик объектиге дүрмөт тийди.

Орусиялык Телеграм каналдар жазгандай, түн ичинде Оленевка айылынын жанындагы зениттик-ракеталык полкко чабуул коюлду. “Астра” басылмасы 17 аскер жарадар болгонун, бир нече автомашина жок кылынганын кабарлады.

«Азаттыктын» украин редакциясы Оленевка жакта орусиялык полк жайгашканын белгилейт. Августта Украинанын аскердик чалгын кызматы Крымдын батышында Орусиянын Абадан коргонуу системасынын заманбап жабдуусу жок кылынганын билдирген.

30-октябрда украин армиясынын Стратегиялык коммуникциялар борбору жарым аралда орусиялык куралдуу күчтөрдүн “абадан коргонуу системасынын стратегиялык объектиси” бутага алынганын маалымдап, соккунун чоо-жайын айткан жок.

Крым.Реалии сайты кабарлагандай, Севастополь шаарында чак түштө аба соккусу тууралуу эскерткен сиреналар жаңырып, төрт жарылуунун добушу угулду. Орусия дайындаган администрация эки бутаны атып түшүргөнүн билдирди. Ал эми орус Коргоо министрлиги Севастополь портунда украиналык эки деңиз дрону кармалганын, дагы экөө Херсонес бухтасына кирүүгө аракет кылганын маалымдады.

Социалдык тармактарда жарым аралды Орусия менен туташтырган Керч көпүрөсүндө кыймыл токтотулганы тууралуу маалыматтар тарады.

XS
SM
MD
LG