Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:04

Газада израилдик аскер кызматкери барымтадан бошотулду


Барымтадагыларды бошотуу талабы коюлган акция. Иллюстрациялык сүрөт.
Барымтадагыларды бошотуу талабы коюлган акция. Иллюстрациялык сүрөт.

Израилдин армиясы Газа секторундагы жер үстүндөгү операциясы учурунда ХАМАС тобу 7-октябрдан бери барымтада кармап келаткан аскер кызматкерин боштондукка чыгарып алганын 30-октябрда жарыялады.

Бул окуя азыркы согушта кармаштын натыйжасында ийгиликке жетишилген жана аскер кызматкери барымтадан чыгарылган алгачкы бошотуу болгонун байкоочулар белгилеп жатышат.

Аял аскер Ори Мегидишке чейин ХАМАС барымтада кармап отурган дагы төрт жай тургун аялды бошоткон.

Барымтада дагы 230дан ашуун израилдик кармалууда.

Газа секторуна дүйшөмбү күнү, 30-октябрда гуманитардык жардам жүктөлгөн 39 машина өткөнүн Израилдин армиясы маалымдады.

Ошентип, Газага гуманитардык коридор кайрадан ачылган 21-октябрдан бери Рафах чек ара бекети аркылуу оор жүк ташуучу 171 машина өттү.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 400дөй кишини өлтүрүп, жүздөгөнүн барымтага алган. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келатат. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 8 миңдей палестиналык каза тапканын кабарлады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG