Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Көлбаев боюнча кармалган Подобедов УКМКнын өтүнүчү менен камактан бошотулду


Олег Подобедов.
Олег Подобедов.

Улуттук коопсуздук комитети Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармаган ишкер Олег Подобедов ушул эле мекеменин өтүнүчү боюнча камактан бошотулду. Аны сыртка чыкпоо тилкаты менен камактан чыгарууну Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан УКМКнын Башкы тергөө кызматынын тергөөчүсү өтүнгөнү маалым болду.

Соттун Подобедовдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу чечими 24-октябрда чыкканы маалымдалды.

Ишкер кармалганын жана убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, анын үйүндө жана иш бөлмөсүндө ар кандай курал табылганын, фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилгенин УКМК 11-октябрда билдирген.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчыбек Асанбек атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Атайын кызмат муну улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Подобедов «Госзнак» ишканасынын жетекчилеринин бир катары белгилүү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG