Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Ишкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыкты


Токтобүбү Оргалча.
Токтобүбү Оргалча.

"Шыдыр Жол Кей Жи" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыкканы 31-октябрда белгилүү болду. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, анын бөгөт чарасы 25-октябрда каралган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча шек саналган. Соттун чечимине ылайык, Оргалча 25-ноябрга чейин үй камагында болот.

Ички иштер министрлиги жана шектүүнүн адвокаттары, жакындары ишкердин кармалышы боюнча маалымат берген жок.

Оргалчанын ысымы 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган. Борбордук шайлоо комиссиясы анда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун чукул өзгөрткөн. Анын негизинде "Альянс" партиясынан Жанарбек Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны депутат кылып каттаган. Бул коомчулукта талаш-талкуу жаратып, сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этностук кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Буга чейин журналисттер 2020-жылы октябрь окуяларынын тушунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөн автобустар "Шыдыр Жол KG" ишканасыныкы экенин иликтеп чыккан.

2021-жылы июнь айында Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары иш таштаган учурда президенттин жубайы Айгүл Жапарова жетектеген ошол маалдагы "Үмүт булагы" фонду 20 автобусту жүргүнчүлөрдү бекер ташууга чыгарган. Аталган фонд кийинчерээк автобустарды "Шыдыр Жол KG" ишканасынан ижарага алганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG