Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Украинадагы согушта Поволжьеден чыккан 7 миңден ашык аскер каза болду


Донецк облусу. Сентябрь, 2023-жыл
Донецк облусу. Сентябрь, 2023-жыл

Орусия Украинага басып киргенден бери Волга боюндагы аймактан чыккан кеминде 7169 киши каза болду. Бул тууралуу тиешелүү статистиканы жүргүзгөн "Азаттыктын" татар-башкыр редакциясы («Idel.Реалии») жазды. Тизмеде башкыртостандык миңден ашуун кишинин ысымы бар. Экинчи сапта Самара облусу турат, журналисттер ал жерлик 933 кишинин өлүмүн тактай алган.

Тизмени түзгөндө алар орус тарап моюнга алган, жакындары, окуу жайлар же башка мекемелер бышыктаган учурларды гана алган. Жоготуулардын чыныгы саны мындан ашышы мүмкүн. Орусиянын Коргоо министрлиги согушта канча аскер каза болгонун ачыктабайт жана журналисттердин маалыматтарын комментарийлебейт. Акыркы жолу министрлик былтыр сентябрда 5937 жоокер набыт кеткенин билдирген.

"Idel.Реалии" жазганына караганда, Башкортостанда сегиз батальондун куралганы же ал жараян башталганы белгилүү. 2022-жылы үч батальон урушка жөнөтүлгөн.

Би-Би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" сайты 20-октябрга карай орус армиясынын 34 857 аскери Украинадагы согушта каза тапканын кабарлады. Алар эсепти ачык булактардагы маалыматтарга таянып чыгарып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG