Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Астанада Макрондун сапары учурунда активисттер кармалганы кабарланды


Эммануэл Макрон жана Касым-Жомарт Токаев. Астана, 1-ноябрь, 2023-жыл
Эммануэл Макрон жана Касым-Жомарт Токаев. Астана, 1-ноябрь, 2023-жыл

Казакстанда тынч акцияларга чыккан жарандарды куугунтуктоо учурларына байкоо салган NotExtremists уюму 1-ноябрда Астанада активист Асет Абишев кармалганын билдирди. Ал “Алга, Казакстан!” оппозициялык партиясын түзүү боюнча демилгелүү топтун мүчөсү.

Маалыматка караганда, кармоо учурунда анын жанында дагы эки активист бар болчу.

“Азаттыктын” казак редакциясы Франциянын Астанадагы элчилигине жакын жерде бир киши кармалганын кабарлады. Полиция кызматкери эч ким кармалбаганын, районду кайтаруу күчөтүлбөгөнүн, автозактар келбегенин радионун кабарчысына айтты.

Журналисттер борбор шаардын полиция департаментине кайрылды, бирок жооп ала элек.

Шаршембиде француз президенти Эммануэл Макрон Казакстанга расмий сапар менен келди. Ак Ордо тар жана кеңйтилген чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирди.

Бир күн мурда “Алга, Казакстан!” оппозициялык партиясын түзүү боюнча демилгелүү топ Франциянын элчилигинин жанына барарын, Макронго Казакстандагы адам укуктарынын абалын айтып берүүнү көздөп жатканын журналисттерге билдиришкен.

Макрондун казак жетекчилери менен жолугушуусунда адам укуктары темасы козголгон, козголбогону белгисиз.

XS
SM
MD
LG