Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Мирзиёев Газанын жашоочуларына бир жарым миллион доллар жардам бөлөт


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Газа тилкесинин жашоочуларына жардам берүү үчүн 1 жарым миллион доллар бөлөрүн 31-октябрда билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, каражат БУУнун Жакынкы Чыгыштагы агенттигине берилмекчи.

Мирзиёев Өзбекстан «палестина элине тилектештигин билдирерин», «БУУнун Башкы ассамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин буга чейин кабыл алынган резолюцияларынын негизинде көз карандысыз мамлекет түзүү укугун колдой турганын» белгиледи. Ошондой эле «палестин жана Израил тараптан каза тапкандардын жакындарына» көңүл айтты.

Муну менен катар өзбек лидери жаштарга «түрдүү жалган пропаганданы ээрчибөөнү, мыйзамга каршы аракеттерге барбоону» эскертти.

«Озодлик» радиосу жазганына караганда, 7-октябрда Жакынкы Чыгышта зомбулуктун жаңы толкуну башталгандан бери Мирзиёев билдирүү жасай элек болчу.

XS
SM
MD
LG