Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Бала бакчадагы ысык тамактын акчасы кайра каралып чыгары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бала бакчадагы ысык тамактын акчасы боюнча маселе кайра каралып чыгат. Бул тууралуу бүгүн 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди:

“Өткөндө, билесиздер, өкмөттөн билим берүү жөнүндөгү мыйзам келген. Ошондо ваучердик каржылоонун ичинде бала бакчадагы ысык тамак ата-энеге жүктөлсүн деген нерсе келип калыптыр. Ошону социалдык комитет менен бирге кайрадан алуу боюнча иш алып барып жатабыз. Биз ошол нерсени жалпы Жогорку Кеңештин атынан айтып койсок жакшы болчудай. Мыйзамга кайра өзгөртүү киргизип, бала бакчадагы тамак берүү системасы ата-энеси төлөбөй, кайрадан мамлекетке жүктөлө тургандай мыйзамга өзгөртүү сөзсүз киргизилет”.

Билим жана илим багытындагы беш мыйзамдын ордуна бирдиктүү бир мыйзамды иштеп чыгуу аракетин өкмөт эки жыл мурда баштаган. Министрлик өзүнчө, депутаттар эксперттик топ менен бирге өзүнчө эки долбоорду иштеп чыгышкан. Натыйжада экөөнүн макулдашылган варианты парламенттин кароосуна киргизилип, ал быйыл 11-августта ишке кирген.

Көз каранды эмес, эл аралык тажрыйбага таянган эксперт катары катышкан авторлор долбоордун колдоо табышын тарыхый чечим деп баалап, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, сапатты жогорулатууга шарт түзүлөрүн белгилешкен. Негизги жаңылык катары алар бала бакча ачуу жеңилдей турганын, мектептерди текшерүү жана мугалимдердин кагаз толтурмай түйшүгү азая турганын, ваучер системасы кирерин, мектептеги аккредитация жоюларын, мамлекеттен бөлүнгөн акча баланын өзүнө гана жумшала баштарын айтышкан.

Бирок жаңы мыйзамдагы нормалардын бири бала бакчадагы ысык тамакка байланыштуу экени соңку күндөрү коомчулукта кызуу талкуулана баштаган.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы жаңы мыйзамга ылайык тамактанууну уюштуруу ата-эненин эсебинен ишке ашырыларын 1-ноябрда "Азаттыкка" ырастаган.

Бул кандай ишке ашат, бала бакчага төлөнчү акча жогорулайбы, жокпу, азырынча айтыла элек. Азыр балдардын тамагы 50/50 менен, жарымы ата-эненин, жарымын жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG