Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Төө-Ашуудагы кырсыкта жараат алган милиционерлердин бири каза болду


Бишкек-Ош жолундагы өрт. 25-октябрь, 2023-жыл. (Соцтармактарга жарыяланган тасмадан алынган сүрөт)
Бишкек-Ош жолундагы өрт. 25-октябрь, 2023-жыл. (Соцтармактарга жарыяланган тасмадан алынган сүрөт)

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда өрт кырсыгында жабыркагандарга жардам берүү үчүн токтогон эки милиция кызматкеринин бири каза болду. Дагы бири оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 27-октябрда, саат 14:30 чамасында Төө-Ашууда бензин ташыган автоунаанын цистернасы кулап, күйүп кеткенин кабарлаган. “Мерседес Бенц” жана “Хонда СРВ” унаалары жардам берүү үчүн токтогон учурда, өрттөнүп жаткан цистерна жарылып, жеңил автоунаалар да күйүп кеткен. ӨКМ кырсыктан төрт адам жараат алганын билдирген.

“Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү автоунаадагы Кызыл-Кыя шаардык милициясынын 30 жаштагы тергөөчүсү, капитан О.Акуналиев менен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, 41 жаштагы милициянын майору Д.Шамшиев күйүүчү ташыган унаанын айдоочусуна жардам берүү үчүн токтогон учурда жабыркап, ооруканага жеткирилген. Шамшиев алган жараатынан улам ооруканада 1-ноябрда каза болуп калды.

Бишкек-Ош жолунда автоунаалардын ар кандай кесепеттерге, адам өлүмүнө алып келген кырсыктар көп катталат.

Май ташыган унаанын кырсыкташына эмне себеп болгону айтыла элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG