Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Келерки жылдагы ажылык сапарга Кыргызстанга 6060 орун бөлүндү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанга 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Сауд Арабиясы 6060 квота бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.

"Муфтийдин орун басары, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин Атабаев баштаган өкүлдөр Сауд Арабиясынын Ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын жетекчиси Бадир Ал-Сулами менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бадир Ал-Сулами Кыргызстанрга 6060 квота бөлүнгөнүн айтып, ыйык Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүн тейлөөдө 17 мекеме (муассаса) иш алып барарын билдирди",-деп жазылган маалыматта.

Буга Самидин Атабаев 9-ноябрдан тартып 20-ноябрь чейин ажыга барчуларды каттоо башталарын, былтыртан бери 100дөн ашык адам каттоодо турганын айткан. Алар буга чейин миң доллар төлөгөнүн, быйылкы тизмеге кириши үчүн дагы миң доллар төлөшү керектигин эскерткен.

Эреже-талапка ылайык, ажылык зыяратка баргысы келгендердин тизмеси талапкер муфтияттын аймактарындагы бөлүмдөрүнө келгенде (живая очередь) түзүлөт. Алар ID-картасын, эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек.

"Талапкерлер эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөбөй туруп каттала албайт. Эгер, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин орундар (квота) толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ал эми 2023-жылы РСК банкына миң долларын төлөп, ажылык базада кезекте турган талапкерлер дагы 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин калган миң долларды төлөшү керек. Эгер талапкер эки миң долларга толуктай албай калса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат",- деп жазылган аталган башкармалык тараткан маалыматта.

Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн билдирген жана 6110 квота бөлүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG