Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Москвада белгилүү бизнес-блогер Аяз Шабутдинов кармалды


Орусиялык бизнес-блогер Аяз Шабутдинов.
Орусиялык бизнес-блогер Аяз Шабутдинов.

Орусиялык блогер Аяз Шабутдинов Москвада алдамчылыкка шектелип кармалганын бир катар маалымат каражаттары жазышты. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн ТАСС агенттиги кабарлады. «Осторожно, новости» басылмасы блогер 3-ноябрда Москвага Австриядан келери менен кармалганын маалымдады. Ал эми анын жакындары азырынча комментарий берүүдөн карманып турушат.

Шабутдинов – Орусияда бизнес-тренингдерди өткөрүү менен алектенген ири борбордун ээси. Ал ошондой эле мотивация берүүчү лекцияларды окуп, тез байып кетүүнүн «жолдорун» сунуштаган курстарды сатат. Анын Инстаграмдагы аудиториясы эки миллиондой кишини түзөт.

Шабутдинов орус полициясынын назарына түшкөн алгачкы блогер эмес. 2023-жылы Валерия Чекалина (Лерчек), Александр Митрошин, Елена Блиновская сыяктуу инфлюенсерлерге салык төлөбөгөнү үчүн айып тагылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG