Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

Газада БУУнун 88 кызматкери набыт болду


Газа тилкесиндеги жөөт армиясынын танктары жана аскерлери. 5-ноябрь, 2023-жыл.
Газа тилкесиндеги жөөт армиясынын танктары жана аскерлери. 5-ноябрь, 2023-жыл.

Израилдин армиясы 6-ноябрда Газа тилкесиндеги" ХАМАС радикал тобунун түйүндөрүнө олуттуу сокку урганын, аскерлери аймакта экстремисттер менен кармашууну улантып жатканын" билдирди.

"Израилдин армиясы Газанын түндүгүндө жана Газа шаарында жердеги операцияларын активдештирип, сокку жасоону улантат”, - деди ЦАХАЛдын расмий өкүлү Даниэл Хагари.

Бириккен Улуттар Уюму дээрлик бир айдан бери уланып жаткан соккулардан карапайым тургундар арасында жоготуулардын саны өсүп жатканын белгилеп, Израилди ок атууну токтотууга чакырууда.

Уюмдун Палестин качкындарына жардам берүү боюнча башкармалыгы соңку эки күндө мекеменин беш кызматкери Газада набыт болгонун билдирди. Жалпысынан 7-октябрдан бери агенттиктин 79 кызматкеринин өмүрү кыйылып, кеминде 24ү ар кандай деңгээлде жабыркаган.

Жалпысынан бул жолку согушта БУУнун 88 кызматкери набыт болду.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге кол салып, 1400дөй адамдын өмүрү кыйылган. 240тан ашуун кишини согушкерлер барымтага алышкан. Ошондон бери жөөт армиясы Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку урууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан набыт болгондордун саны 10 миңге чамалаганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG