Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

Кызылчага чалдыккандар үчүн ооруканада кошумча бөлүм ачылды


Бишкекте кызылча (корь) оорусу көп катталып жаткандыктан Жугуштуу ооруларга каршы республикалык клиникалык ооруканада бүгүн 6-ноябрда кошумча бөлүм ачылууда. Оорукананын башчысы Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" билдиргендей, буга ооругандар көбөйгөнү себеп болду:

"Мурда үч бөлүмдө жатышчу, азыр төрт болду. Себеби ооругандар көбөйүүдө".

Алиевдин айтымында, азыр ооруканада бул жугуштуу илдетке чалдыккан 78 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда баласын кызылчага каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткенин 2-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун расмий маалыматына караганда, быйыл кызылчадан үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм. Үчөө тең эмделген эмес балдар болчу.

Жыл башынан бери бул илдетке чалдыккандар 3,5 миңге чукулдады, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Бейтаптардын эң көбү Бишкекте, Ошто, Чүйдө жана Жалал-Абадда.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда эки мектеп ушул оорунун айынан убактылуу жабык турат.

Оорунун жайылышын таптакыр токтотуу үчүн эмделгендер 95% камтылышы зарыл, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 76% түзүүдө.

Кызылча аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрынан тарта кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG