Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:57

Reuters: Путин бийликте 2030-жылга чейин калууну көздөйт


Орусиянын президенти Владимир Путин. 1-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 1-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы март айында өтүүчү президенттик шайлоого катышууну чечти. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттиги ар башка алты булакка таянып жазды.

Бул Путинге бийликте 2030-жылга чейин калуу мүмкүнчүлүгүн берет дегенди билдирет. Маалыматка караганда, Путин Орусияны соңку ондогон жылдардагы эң кооптуу абалдан "өзүм гана чыгарып кете алам" деп эсептейт.

Бийликти 1999-жылы Борис Ельцинден өткөрүп алган Путин 7-октябрда 71 жашка толду. Ал үчүн шайлоо жөн гана формалдуулук. "Рейтерс" агенттиги жазгандай, эгер ал талапкерлигин койсо, маалымат каражаттарынын, мамлекеттик институттардын колдоосу менен сөзсүз жеңет. Буга өлкөдөгү башкача ойлонгондордун, сөз эркиндигинин чектелиши да таасирин тийгизет.

Буга чейин "Медуза" басылмасы президенттик администрацияга жакын булактарына таянып жазгандай, Кремль 2024-жылдагы президенттик шайлоодо Владимир Путиндин "атаандаштары" кимдер болорун аныктады. Мында биринчи кезекте ыктымал талапкерлердин жаш курагына көңүл бурулган.

Маалыматка караганда, алардын жаш курагы элүүгө чейин болсо, орусиялыктар 70 жаштагы Путин менен салыштырып, ойлорун кескин өзгөртүшү мүмкүн.

Орусияда президенттик шайлоо 2024-жылы 17-мартта өтөрү күтүлүп жатат.

Владимир Путин бешинчи мөөнөткө ат салышуу ниетин расмий жарыялай элек.

XS
SM
MD
LG