Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Бишкек: Тротуар жаңылоо ишинин сапаты текшерилди


Бишкек.
Бишкек.

Бишкекте курулушу башталган тротуарлар бүтмөйүнчө жаңысын казбай коё туруу, алардын сапатын камсыз кылуу талабы коюлганын 6-ноябрда шаар башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, мэр Айбек Жунушалиев тротуарлар жаңыланып жаткан жерлерди тийиштүү жетекчилер менен бирге кыдырып, курулуш иштерин тезинен, сапаттуу аяктоону, “кызыл сызыктан” өтүп кеткендердин документин текшерип чыгууну жана зарыл болсо чара көрүүнү талап кылды.

Жыйынтыгында кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүү тапшырмасы берилди. Комиссия мэрдин орун басары Максатбек Сазыкуловду, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев менен башкы инженери Урматбек Шаршеналиевди тартип жазасына таруу тууралуу сунуш иштеп чыкмай болду.

“Жумуш өз мөөнөтүндө аткарылбаса, тротуарлардын сапаты камсыздалбаса райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына аларды кызматынан алууга чейинки чара көрүү, ал эми курулуш компаниясына айыппул салуу каралат”, - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Бишкек мэриясы шаардагы 43 тротуарды жаңылоо планын жарыялаган. Алардын жарымы бүткөнү өткөн айда маалымдалган.

31-октябрда борбор калааны 1,8 жыл башкарган Эмилбек Абдыкадыров кызматтан алынган. Анын ордуна ушул эле кызматты 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин башкарган 47 жаштагы Жунушалиев келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG