Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Орусия аннексияланган Крым менен Кара деңиздин үстүндө 17 дрон жок кылынганын билдирди


Аннексияланган Севастополго дрон менен жасалган соккудан кийин чыккан түтүн. 29-апрель, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
Аннексияланган Севастополго дрон менен жасалган соккудан кийин чыккан түтүн. 29-апрель, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңиздин үстүнөн жана аннексияланган Крымдын аймагынан тогуз дрон атып түшүрүлүп, сегизи тузакка илингенин билдирди.

Мекеме бул чабуул үчүн украин тарапты айыптады. Расмий Киев Орусиянын аймагында болгон окуяларга адатта комментарий бербейт.

Аннексияланган Севастополдун Орусия дайындаган жетекчиси Михаил Развозжаевдин айтымында, дрондордун чабуулу таңкы үчтөрдө башталган. Ал атып түшүрүлгөн дрондун сыныгы Андреевка айылындагы менчик турак жайдын чатырына түшкөнүн кошумчалады. Учкучсуз аппараттын сыныктары Кача айылынан да табылган.

Андан тышкары Орловка айылына түшкөн дрондун сыныгынан бир киши жабыркаганын, анын абалы оор экенин Развозжаев билдирди.

Буга чейин 4-ноябрда Украинанын күчтөрү Керчтеги «Залив» деп аталган кеме куруучу заводго чабуул коюшкан.

Соңку айларда украин күчтөрү аннексияланган Крымдагы орус аскердик жайларын бутага алууну күчөттү. Орусия аннексиялап алган жарым арал фронттон алып болгондуктан негизинен дрондор жана айрым учурда ракеталар менен чабуул жасалат. Буга чейин Севастополдогу Кара деңиз флотунун баш кеңсесине сокку урулган.

XS
SM
MD
LG