Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:27

Милиция өспүрүмдөр арасында кооптуу оюн жайылып жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерди коңшу Казакстанда өспүрүмдөр арасында кооптуу оюн жайылып жатканы тууралуу эскертти. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 7-ноябрда билдиргендей, Казакстандын Костанай облусунда окуучу бала жолдо бараткан машинанын астынан чуркап чыккан окуя катталды.

Буга баланы ушундай кооптуу кадамга түрткөн оюн себеп болушу ыктымал экени белгиленди.

Ылдамдыкта келаткан машинанын алдынан кокусунан чуркап чыгып, жолду өтүүгө азгырган мындай оюндун кооптуулугу тууралуу балага маалымат берип, түшүндүрүү, анын чөнтөк телефонунда кандайдыр бир күмөн оюндардын бар же жогун текшерүү, ал эми айдоочулар этият болушу керек экени айтылды.

Мындай оюн 2017-жылы да жайылган, Кыргызстанда андай фактылар катталган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG