Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Бишкек кайрадан абасы эң булганган шаарлардын катарына кирди


Бишкекти каптаган ыш. Архивдик сүрөт.
Бишкекти каптаган ыш. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаары күздүн келиши менен кайрадан абасы булганган шаарлардын катарына кире баштады. 7-ноябрда, IQAir эл аралык индексине ылайык, Кыргызстандын борбор калаасы абасы таза эмес 44 өлкөнүн арасынан 7-орунду ээледи.

Бишкектин алдында Индиянын борбору Дели жана Пакистандын Лахор шаары “кооптуу” деген деңгээлде, ал эми Пакистандын Карачи, Индиянын Колката, Бангладештин Дакка шаарлары жана Өзбекстандын борбору Ташкент Бишкек сыяктуу “зыян” деген деңгээлде турушат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан биринчи себеп Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, экинчиси шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, үчүнчү сү автоунаа экенин билдирген.

Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирүүдө. Шаардын үстүн боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууга алынып келет.

Борбор калаага ЖЭБден жылуулук быйыл 31-октябрда бериле баштады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG