Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Луганскиде жарылууда орусиялык депутат каза болду


Украинанын Орусия аннексиялап алган Луганск аймагында аймактык парламенттин депутаты, жикчилдердин куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы Михаил Филипоненко машинесинде 8-ноябрда болгон жардыруудан мүрт кетти.

Бул тууралуу анын уулу Иван “Луганск маалымат борборуна” билдирди. Кремлчил RT телеканалы жардыруу депутаттын үйүнүн жанында болгонун кабарлады.

Филипоненко Луганскидеги орусиячыл жикчилдердин Элдик милициясынын башчысынын милдетин аткаруучу кызматын аркалап келген. 2022-жылы21-февралда Москва Украинага согуш ачканга чейин анын өмүрүнө кол салуу болгону маалымдалган. Анда дагы автоунаасында жардыруу болуп, өзү жана айдоочусу жараат алганы кабарланган.

Ошол эле күнү Луганск менен Донецкстеги жикчилердин лидерлери Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, алардын көз карандысыздыгын таанууну суранышкан.
Украинада Филипоненкого каршы кылмыш иши козголгон. Ага өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө доо кетирген деген шек менен издөө жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG