Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Ташкентте Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйыны башталууда


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 16-саммитине катышуу үчүн 8-ноябрдаӨзбекстандын Ташкент шаарына жөнөп кетти. Өлкө президентинин маалымат кызматы билдиргендей, саммитке уюмга мүчө мамлекеттер Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын президенттери, Казакстан, Пакистандын өкмөт башчылары катышат.

Билдирүүдө белгиленгендей, саммиттин катышуучулары соода-экономикалык, инвестициялык, транпорт-коммуникациялык жана гуманитардык ич ара кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Уюмдун буга чейинки жыйыны 2021-жылы Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда өткөн. Экономикалык кызматташуу уюмун 1985-жылы Иран, Пакистан жана Түркия түзгөн. Анын баш кеңсеси Тегеранда жайгашкан.

Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан бул уюмга 1992-жылдан бери мүчө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG