Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

Орусияда кармалган журналисттин күйөөсү аны "саясий туткун” деп атады


 "Настоящее время" телеканалынын директору Павел Буторин.
"Настоящее время" телеканалынын директору Павел Буторин.

Орусияда кармалган америкалык журналист Алсу Курмашеванын жолдошу аны “саясий туткун” деп атап, АКШны аялын «мыйзамсыз кармалгандардын» катарына кошууга чакырды.

Курмашева Орусияда чет элдик агент катары каттоодон өтүүдөн баш тарткан деген айып менен камалган.

18-октябрда орус коопсуздук күчтөрү Курмашеваны камагандан берки алгачкы жолу берген комментарийинде Павел Буторин орус бийлиги Алсуга америкалык консулдук кызматкерлер менен ушул күнгө чейин жолукканга уруксат бербей, анын укуктарын бузуп жатканын айтты.

Буторин дагы аялындай эле Американын жараны жана Прагадагы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кеңсесинде иштейт.

"Биз көрсөтүлүп жаткан колдоого ыраазыбыз. Бирок бизге Алсу "мыйзамсыз кармалган адам" катары таанылганы маанилүү. Бул АКШнын бийлиги жана Мамдепартамент жасай турган кадам. Мындай макам анын боштондукка чыгышын тездетет деген ишеничтебиз», - деди Буторин Чехиянын баш калаасында курган маегинде.

Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен "Америка Добушу" радиосунун биргелешкен "Настоящее время" телеканалын жетектейт.

"Биз баарынан да Алсуну кайтарып алууну каалайбыз. Ал балдарыма керек, мага керек”-деп кошумчалады Буторин.

Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.

Журналист 23-октябрда Казан шаарынын Совет райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Адвокат соттон ага карата эркинен ажыратпаган бөгөт чарасын тандоону өтүнгөн.
31-октябрда Татарстандын Жогорку соту аны 5-декабрга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды.

Орусиянын Тергөө комитети Курмашевага 26-октябрда “чет элдик агент катары катталуу милдетин аткарган эмес” деген айып таккан. Тергөөчүлөр журналист өзү чет элдик агенттердин тизмесине кошуу үчүн документ тапшырышы керек эле деп эсептешет. Бул Орусияда журналистке ушул берене менен козголгон алгачкы кылмыш иши.
Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Журналистти токтоосуз бошотууга чакырган билдирүүлөрдү БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.

Алсу Курмашева көп жылдан бери Орусиянын Волга-Урал аймагындагы аз улуттардын маселелерин чагылдырып, татар тилин сактап калуу боюнча программаларды даярдап келген.

XS
SM
MD
LG