Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Украина Одесса портундагы чабуул үчүн Орусияны айыптады


Одесса порту. Орусиялык чабуулдан кийинки кыйроолор. Архивдик сүрөт.
Одесса порту. Орусиялык чабуулдан кийинки кыйроолор. Архивдик сүрөт.

Одесса облусунда Либериянын туусу алдында жүрүп бараткан жарандык кеме ракеталык чабуулга кабылып, жабыркады. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн «Түштүк» ыкчам башкармалыгы 8-ноябрда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ракета кеме портко кирип бараткан учурда тийген – бир украиналык лоцман (деңиздеги багытоочу кызматкер) каза болуп, кеменин экипажынын үч мүчөсү (Филиппин жарандары) жана портто иштеген бир жумушчу жараат алышты.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы ракета Кара деңизде турган орусиялык тактикалык авиация учагынан атылганын билдирди.

Орусия бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек. Согуштун айынан мурдагы керектөөчүлөрүнө дан жана башка азыктарын деңиз аркылуу жеткире албай калган Украина Түркиянын ортомчулугу аркылуу орус бийлиги менен “дан келишимин” түзгөн. Кийин бул келишим иштебей калган. Орусия Кара деңиздеги украиналык портторго жөнөп бараткан кемелер “мыйзамдуу бута” катары каралышы ыктымал экенин эскерткен.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери кармаш уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG