Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Газанын ири ооруканасына БУУнун гуманитардык жүгү жеткирилди


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Газа секторундагы Ал-Шифа ооруканасына дары-дармек жана башка эң керектүү каражаттар жүктөлгөн гуманитардык жүк жеткирилгенин 9-ноябрда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) билдирди.

БУУнун Жардам көрсөтүү жана иштерди уюштуруу агенттигинин (UNRWA) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте жарыялаган билдирүүсүндө Газадагы эң ири ооруканалардын бирине ушуну менен экинчи жолу гуманитардык жардам жеткирилгени айтылды.

Бирок, алардын белгилешинче, дары-дармек жана башка тийиштүү каражаттар дагы эле жетишсиз болууда, оорукананын өзүндөгү медициналык шарттар да талапка жооп бербейт, андагы абал катастрофалык деп бааланууда.

Ал арада Израилдин армиясынын (ЦАХАЛ) өкүлү Даниэл Хагари 8-ноябрдагы маалымат жыйынында ХАМАС тобу Газанын түндүк бөлүгүн көзөмөлдөбөй калганын билдирди.

"Газанын 50 миңдей тургуну сектордун түндүгүнөн түштүк тарапка өткөнүнө күбө болдук. Алар ХАМАС сектордун түндүк бөлүгүн колдон чыгарганын түшүнүп жатышат. Түштүк тарапта коопсузураак жана тынчыраак, ал жактан алар суу, тамак жана дары-дармек менен камсыз болушат", — деди Хагари.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 400дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакынын барымтага алган. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келатат. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 10 миңдей палестиналык каза тапканын кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG