Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Атазов УКМКда суракта Матраимов тууралуу да сөз болгонун айтты


Депутат Шайлообек Атазов УКМКдан сурактан чыкты. 2023-жылдын 9-ноябры.
Депутат Шайлообек Атазов УКМКдан сурактан чыкты. 2023-жылдын 9-ноябры.

Жогорку Кеңештин бир мандаттуу Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазов бүгүн 9-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) суракта болду. Ал шайлоодогу эки тарапташы 10 күндөн бери камакта отурганына байланыштуу күбө катары сурак берип чыкканын, аларга каршы арызды шайлоодогу атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин үгүтчүлөрү жазганын, суракта Матраимов менен байланышы тууралуу да сөз болгонун “Азаттыкка” айтып берди:

“Суракта сырды айтпаш керек дегенге кол коюп бердим. Бирок негизги тема – үгүтчүлөр тууралуу айтылды. Бизде катталган эмес, бирок мага үндөп жүргөн балдар. Алар 11 күндөн бери белгисиз жатканы мени тынчсыздандырып, эгер эч кандай аргумент, далил болбосо чыгарып койсоңор деген оюмду айттым. Матраимов менен байланышың барбы деп сурады. Мен ал спорттук иш-чараларга, мелдештерге спортсмендерди өстүрүш үчүн жардам берип жүгөнүн айттым”.

Анын айтымында, Муртазалиевдин үгүтчүлөрүнөн арыз шайлоодон бир айдан кийин түшкөнү белгилүү болду.

Атазов Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, ири коррупция үчүн соттолгон жана сотто күнөөсүн моюнуна алган Райымбек Матраимовдун жакын адамы катары белгилүү. Ал 2022-жылы Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.

2-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын, мамлекеттик органдар бул топко жакын 202 адамдан тазаланып жатканын билдирген.

3-ноябрда депутат шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар милициянын убактылуу кармоочу жайларына үч-төрт саатка камалып, кыйноого кабылганын, алардын абалы тууралуу маалымат жок болуп жатканын ырастаган дана “Фейсбуктагы” баракчасына "Мага жеткен маалымат боюнча аларды "шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла" деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алардын учурдагы абалы боюнча жеткиликтүү маалымат жок болуп жатат" деп жазган.

Президенттин администрациясы, УКМК буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG