Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:02

Орусиянын президенти Путин расмий сапар менен Астанага барды


Астанадагы эл аралык аэропорт. 9-ноябрь, 2023-жыл
Астанадагы эл аралык аэропорт. 9-ноябрь, 2023-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин 9-ноябрда расмий сапар менен Астанага барды. Ак Ордонун билдиргени боюнча, ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен бирге видео байланыш аркылуу Казак-орус региондор аралык кызматташтык форумунун 19-жыйынына катышты. Жыйын Орусия менен чек арага жакын жердеги Костанай шаарында өттү.

Лидерлер эки тараптуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктүн маселелерин талкуулашмакчы.

Москва Украинага басып киргенден бери Путин чет жактарга көп чыкпай калды. Согуш башталгандан кийин ал Казакстанга буга чейин да барган. Бирок Эл аралык кылмыш соту Путинди камоо ордерин чыгаргандан кийин биринчи жолу барып отурат. Казакстан ал сотту түзүү тууралуу Рим статутуна кол койбогондуктан, өлкө чечимдерин аткарууга милдеттүү эместигин билдирген.

Байкоочулар акыркы мезгилде Батыштын регионго кызыгуусу артканын белгилешет.
Бир жума мурун Астанада Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өттү.

Ага чейин Борбор Азиянын лидерлери менен АКШ президенти Жо Байден кездешкен. Андай форматтагы жолугушуу Берлине да өткөн. 1-ноябрда Астанага француз президенти Эммануэл Макрон келип кетти.

Казкстан менен Орусиянын чек арасы – дүйнөдөгү эң узун чек аралардын бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG